АКШ мындан ары Ооган түрмөлөрүн көзөмөлдөбөйт

Пентагон АКШ мындан ары Ооган абактарын көзөмөлдөөсүн токтотоору тууралуу билдирүү таратты. Америка он жылдан ашуун Ооганстандагы абактарды башкарып турган.

10-декабарда Парван абагында акыркы үч кармалган киши Ооган бийлигине өткөрүлүп берилди.

Алардын арасында 2002-жылы АКШнын атайын кызматтары тарабынан кыйноого кабылган Редха ал-Нажар да бар.