Ош: алдамчылыкка шектелгендер кармалды

Ош шаардык милициясы июнь окуясында жабыр тарткандарга салынган үйлөрдү алып берүү убадасы менен алдап, элден акча алып жүргөн эки аялды кармады. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Милициянын кабарлашынча, аталган жарандардын үстүнөн 9 адам милицияга арыз жазган. Алар ар кимден 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин акча алышкан. Учурда алар Ош шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аларга алдамчылык айыбы тагылууда.

Буга чейин дагы "Июнь окуясында жабыр тарткандарга салынган үйдөн алып беребиз" деп адамдардан акча алып жүргөн эки аял кармалып, аларга кылмыш иши козголгон болчу. Алар ушул эле шылтоо менен эки миң доллардан 16 миң долларга чейин 21 адамдын акчасын алышкан. Элге келтирилген зыяндын көлөмү 15 млн. сомдон ашкан. (YI)