АКШ Ооганстандын Баграм түрмөсүндөгү көзөмөлүн токтотту

Америка Кошмо Штаттары Ооганстандын өтө кооптуу деп эсептелгендер кармалчу түрмөлөрүндөгү көзөмөлүн токтотту. Бул тууралуу шаршемби кечинде Пентагондун расмий өкүлү билдирди. Анын айтымында, Парван түрмөсүндө кармалып турган акыркы үч киши бошотулду.

Алардын экөө сот жообуна тартылышы мүмкүн болгондуктан ооган бийлигине өткөрүлүп берилди. Ал эми үчүнчүсү анча кооптуу эмес деп эсептелгендиктен башка өлкөгө которулуу жолдорун издөөдө.

Кабулдан 60 чакырым алыс жайгашкан Парван провинциясынын Баграм шаарындагы атайын түрмөдө террорчулукка шектелген талибдер кармалчу. Соңку 10 жылдан бери анын үстүнөн көзөмөлдү АКШ жүргүзүп келген.

НАТОнун Америка баштаган коалициялык күчтөрүнүн негизги бөлүгү Ооганстандан ушул айдын аягына чейин чыгарылып кетет. (RK)