Электр кымбаттады, эл кантет? (2)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Электр энергиясы жана жылуулукка өкмөт жаңы тарифти бекитти. Эми кыргызстандыктар 700 кВт. саат электр энергиясына чейин мурункудай эле 70 тыйындан, андан ашкан өлчөмүнө 2 сом 5 тыйындан төлөй баштайт. “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында энергетика тармагындагы көйгөйлөр талкууланды. Талкууга – “Электр станциялар” ишканасынын техникалык-өндүрүш бөлүмүнүн башкы адиси Каныбек Оморов, өкмөткө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси Канат Миршакиров жана Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу маселелерин иликтеген эл аралык коомдук фонддун жетекчиси Эрнис Карыбеков катышты.