Жол жээгиндеги алма базар

Ош-Кызыл-Кыя унаа жолунун узундугу 100 чакырым. Анын дээрлик 80 чакырымы Ноокат районун аралап өтөт. Ноокаттыктар акыркы 10 жылдан бери алмасын жол боюна алып чыгып өздөрү сатканды үйрөнүп алышкан.
 

Бир чака алманын баасы сортуна жараша 100 сомдон 150 сомго чейин жетет. Сатуучулар күнүнө 200 сомдон 5 миң сомго чейин соода болорун айтат. 
 

Алма саткандардын 90%ы аялдар.
 

Алмалардын көп түрдүүлүгүн сактоо үчүн соодагерлер өзүндө жок алмаларды элден сатып алып толуктап турушат. 
 

Ош-Кызыл-Кыя унаа жолунун боюнда алма сатылган отуздай жай бар. Жол боюн жакшы соода жайына айландырган тургундар күндүзгү саат 10дон тарта түнкү саат 12ге чейин турушат.

Ош-Кызыл-Кыя жолунда алманын дээрлик бардык түрү сатылат. «Беш жылдыз алма», «таш алма» жана «апорт алма» өзгөчө өтүмдүү.
 

9 жаштагы Жакшылык чакалардагы алмаларынын баарынын баасын жакшы билет.

Баткенден Орусияга бараткан жүк ташуучу унаалардын айдоочулары алманы көбүнчө каптап алышат. Узак жолдо суусундук катары жегенге жакшы дешет. 
 

Алмасын чакалап саткандар атайын үч-төрт кабаттуу текчелерди жасап алышкан. Түнкү соода үчүн үйлөрүнөн чырак тартып чыгышкан.