Атамбаев: Коррупцияны жоюш үчүн дагы көп аракет керек

Кыргызстанда коррупцияны түп тамыры менен жок кылуу үчүн дагы көп аракет, бекемдик жана элдин колдоосу керек. Бул багытта жасай турган иш дагы көп. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата кыргызстандыктарга жолдогон кайрылуусунда айтты.

Президенттин белгилешинче, бул күрөш Кыргызстанда азыр чечүүчү учурду баштан кечирүүдө.

Алмазбек Атамбаев туура үч жыл мурда бийликке келгенде коррупцияга каршы күрөш ал үчүн приоритеттүү болорун айтып, бул жаатта чечкиндүү чара көрөрүн убада кылган. Оппозиция азыркы бийлик бул күрөштү бир жактуу гана жүргүзүп, өзүнүн саясый оппоненттерине каршы колдонууда деп айыптоодо. Бирок бийлик өкүлдөрү мындай доомат негизсиз экенин айтып келет. (RK)