Карышкыр чапкан окуучу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы 11-класстын окуучусу Болот Жунусалиев алдын торой чыккан карышкырды үзөңгүсү менен чаап өлтүргөн. Карышкырды кубаламак тургай бет келген жерден ага туруштук берүү оңой эмес. Эр жүрөк улан карышкырга талаада мал издеп жүрүп кезиккен.