Үй жаныбарлары менен канаттууларды каттоо иштери башталат

10-декабрдан тартып үй жаныбарларын жана канаттууларды каттоо башталат

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, каттоону жергиликтүү бийликтин катышуусу менен Айыл-чарба министрлиги, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Улуттук статистикалык комитети жүргүзөт. Бүгүнкү күнгө чейин жер-жерлерде аймактык комиссиялар түзүлүп, статкомдун кызматкерлери каттоо боюнча окутуп-үйрөтүү иштерин жүргүзүшкөн.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын айыл чарба азыктарынын дээрлик тең жарымын, атап айтканда 47% мал жана куш азыктары түзөт. Каттоолор көрсөткөндөй, акыркы жылдары өлкөдө мал менен куш багуу күч алган. Өткөн жылы Кыргызстанда 5 млн. 641 миң кой, 1 млн. 404 миң бодо мал, 407 миң жылкы, 960 миң эчки, 5,5 млндон ашуун канатуу катталган.

Үй жаныбарларын жана канаттууларды каттоо 25-декабрга чейин жүргүзүлөт.(ZKo)