Араб Эмиратында беш кыргыз жараны абакта жатат

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Араб Эмиратындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, аларды Кыргызстанга которуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, бирок алар жасаган кылмыштардын оордугуна байланыштуу БАЭнин күч органдары соттолгондорду өз өлкөсүнө жиберүү чечимин кабыл алган эмес.

“Алардын бири баңгизат сатты деп камалган, көз боёмочулук, уурулук, сойкулук боюнча айыпталып абакта отургандар бар”, - деди элчи.

Өмүралиев жакында эле абактарга кирип, кыргыз жарандары менен жолугуп чыккан. (JAk)