“Кыргыз химия-металлургия” заводунун үч лицензиясы жокко чыгарылды

Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин лицензия берүү боюнча комиссиясы “Кыргыз химия-металлургиялык заводунун” үч лицензиясын жокко чыгарды.

Аталган агенттиктин маалымат катчысы Касиет Карачолокованын “Азаттыкка” билдиришинче кечээ, 5-декабрда комиссия лицензияны кармап, төлөмдөрдү төлөбөгөндүгү үчүн заводдун Кемин районундагы Ак-Түз 1,2,3 кендерин казууга берилген уруксатты кайтарып алды.

Ошондой эле комиссиянын чечими менен Алай районундагы Муз-Төр аймагынан сурьма казууга уруксат алган “Гранодиорит” ЖЧКсынын лицензиясын төлөм жаатындагы катачылыктары үчүн бир айга токтотту. (МТо)