Ливандын күч органдары өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин жубайларынын бири деп божомолдонгон аял кармалганын билдирди. Ал жасалма документ менен шейшембиде Сириядан чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан учурда колго түшкөн.
Кармалган айымдын аты-жөнү азырынча коомчулукка айтыла элек. (SE)