Ат майданды курган “Темир канат” ишканасынын башчысы Эркин Мергенбаевдин айтымында, өкмөт аталган ишканага 14 млн. сом карызын төлөбөй жатышы сотко кайрылууга себеп болууда:
- Биз ат майданда иштеген куруучулардын айлыгын бере албай жатабыз. Тиешелүү салыктар да төлөнө элек. Өкмөт 14 млн. сомду төлөп бербесе сотко кайрылабыз, - деди Мергенбаев.
Чолпон-Атадагы ат майдан сентябрдын башында өткөн Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата кеңейтилген. 800 орундук ат майданды 7 миң киши баткыдай кылып кайра курууга бюджеттен 84 млн. сом бөлүнгөн болчу. (UEz)