Жер жүзүндөгү 43 мамлекетке саякат жасоого аттанган Бишкек шаарынын тургуну Руслан Токочев учурда Филиппинде жүрөт. Кийинки сапары Америка кошмо штаттырында уланмакчы.
Токочевдин эки жылдык саякаты быйыл 26-мартта Кытайдан башталган. Андан бери Непал, Индия, Шри-Ланка, Малайзия, Тайланд, Лаос, Камбоджа, Вьетнамга барды.
29 жаштагы Руслан Токочев кырктан ашуун өлкөнү эки жыл ичинде кыдырмай болууда. Саякаттын акыркы чекити Азербайжан болот. Андан соң Токочев Кыргызстанга кайтат. (SE)