Кыргызстандагы эң жаш айыл өкмөт башчы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

29 жаштагы Темирболот Абыкеев Кыргызстандагы эң жаш айыл өкмөт башчысы болуп саналат. Ал 24 жашында Кош-Дөбө айыл аймагына башчы болуп шайланган. Аталган аймак өзүнө 700 кожолугу бар Кара-Саз жана Кара-Күңгөй айылдарын камтыйт. Айыл элинин айтымында, жаш жетекчи беш жыл ичинде көптөгөн алгылыктуу иштерди жасаган.