Мектепке айланган кароосуз үйлөр

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кочкор районундагы Ак-Жар айылынын окуучулары сентябрдан бери мектепте эмес, каралбай калган үйлөрдө билим алып жатышат. Аталган айылдын эски мектеби 2006-жылдагы зилзаладан улам керектен чыкса, жаңы курулганы 7 жылга жетпей билим эмес, көгүчкөндүн уясына айланган. Мектеп жетекчилиги мектепти сапатсыз курган ортомчу ишканадан курулушка кеткен 47 миллион сомду өндүрө албай убара.