Киевде Жогорку Раданын жаңы курамынын биринчи жыйыны ачылды

Салтанаттуу жыйынды Украинанын Жогорку Радасынын төрагасы Александр Турчинов ачты. Иш-чарага жаңы шайланган депутаттардан тышкары өлкөнүн мурдагы президенттери Леонид Кучма, Леонид Кравчук, Виктор Ющенко, премьер-министр Арсений Яценюк, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Чогулгандар үстүбүздөгү жылдын башында Евромайданда көз жумгандарды жана Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышуулардан набыт болгондордун баардыгын аза күтүү мүнөтү менен эскеришти.

Депутаттар баардыгы чогуу хор менен ант беришти.

Украинада 26-октябрда Жогорку Радага мөөнөтүнөн мурда шайлоо болгон. Ага 29 партия катышып, жеңишке батышчыл көз караштагы беш партия жетишкен.

Украин парламентинде биринчи ирет европачыл күчтөр конструктивдүү көпчүлүктү түзүүдө.