Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардамды көбөйтүү сунушталды

Мындай маселени Жогорку Кеңеш депутаты Дамира Ниязалиева көтөрдү. Анын айтымында, 14-ноябрдагы жер титирөөдөн 148 үй-бүлөгө 50 миң сомдон, ал эми 270 үй-бүлөгө 10 миң сомдон жардам көрсөтүлдү. Бирок жергиликтүү тургундар мындай суммага нааразылык айтып жатканын депутат билдирди. Мындан улам өкмөттөн жер титирөөдөн жабыркагандарга берилүүчү жардам көлөмүн көбөйтүү сунушталды.

Ал эми депутат Курманбек Дыйканбаев аталган жардамды алууда бюрократиялык убаракерчилик көп болуп жатканына көңүл бурду.

14-ноябрда Ысык-Көл облусунда жер титиреп, анын күчү очогунда, тескей тараптагы Кажы-Сай шаарчасында 7 баллга жеткен. Силкинүүдөн кийин жарандардан турак-жайы жабыркаганы тууралуу 2314 арыз түшкөн. Алардын ичинен 1540 турак үй жана 44 социалдык объект текшерилип, ар кандай даражада жабыркаганы аныкталган. (BkA)