Кыргыз циркинде жылкы менен ит калды

Жыйырма жаштагы чабендес кыз Аксана Абдукаримованын циркке келип иштей баштаганына бир ай болду.

Аттарды машыктыруу.

Болочок чабандестер машыккан жасалма ат.

Аткананын ичи суук.

Сарайдагы арпа жылкылардын азыгы.

Жылкылар кармалган сарай.

Иттер кармалган күпкө.

Иттердин машыгуусу.

35 жылдан бери циркте иштеген Жыпара Шамырова.

Сегиз ит машыктыруучу Шамырованын жеке менчиги. Ал аны өзү багат.

Кызматкерлердин орточо айлыгы 4 000 сомду түзөт. Эң төмөнкү айлык 3500 сом.

Маскарапоздордун машыгуусу.

Бирок азыр мында жырткычтар жок.

Цирк 2013-жылы Бишкектеги көрүүчүлөр эң көп келген маданият үйү деп табылган. Уникалдуу архитектуралык имарат саналган цирк Усубалиевдин заманында азыркы Ак үй, Илимдер академиясынын имараты, Улуттук китепкана, Орус жана Кыргыз драма театрлары, "Айчүрөк" универсал дүкөнү менен чогуу курулган.

Эгемендиктин алгачкы он жылында цирктин имараты аёосуз талкаланып, менчикке чыгаруу аракеттери болгон. Терезе, эшиктери жулунуп, айрым бөлмөлөрү сойкуканага айланып, жылуулук турбалары чыгарылып кеткен. 2004-жылдан баштап имаратты оңдоо иштери жүрүп, имараттын бүлүнгөн жерлери бүтөлгөн.

Музейде цирктин "алтын доорунда" эмгектенген артистердин сахнада колдонгон буюмдары коюлган.

Залкарлар сахнада колдонгон буюмдар.

Кыргыз цирки жакында өзүнүн тарыхына байланышкан музейин уюштурган.