Ошто Кадыралиевдин жакындары акцияга чыкты

Канжар Кадыралиевдин апасы Акдаана Кочкорова. 

200гө чукул адам Кадыралиевге козголгон кылмыш иши мыйзамсыз экенин айтып, аны камакка алуу чечимин жокко чыгарууну талап кылышты.

Митингге чыккандарды өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков бул ишке кийлигишүүгө укугу жоктугун, аны сот гана аныктарын билдирди.

Буга чейин Өзгөн районунун бир нече тургуну опузалап акча талап кылды деп, Канжар Кадыралиевге каршы арыз жазган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура өткөн апта башында Канжар Кадыралиевге кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Кадыралиев тергөөгө келбей койгон. Мындан соң Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган.

Ош шаардык милициясы Кадыралиевге издөө жарыялаган. Милиция кылмышка шектүүнүн туруктуу жашаган жерине келбей жатканын, учурда анын кайда экени белгисиз экенин билдирүүдө.

Ал эми Кадыралиевдин жакындары анын эч жакка качпаганын, ооруп, бир үйдо жаткандыгын билдиришүүдө. Өткөн жумада Бишкектеги маалымат жыйынында болсо, апасы Акдаана Кочкорова Канжарды өзү бекитип, чыгарбай жатканын айткан.