Түркия менен Ирак «Ислам мамлекети» уюмуна каршы күрөшүүдө кызматташат

Ирак менен Түркия «Ислам мамлекети» уюмуна каршы күрөшүү жана алар тараптан келген коркунучтарды алдын алуу багытында тыгыз кызматташат.

20-ноябрда Ирактын премьер-министри Хайбер ал-Абади «коопсуздук багытында маалыматтарды алмашуу боюнча келишүүбүз керек», - деп билдирди түрк кесиптеши Ахмед Давутоглу менен жолуккандан кийин. Өз кезегинде Давутоглу согушкерлер менен күрөшүүдө Түркия жардам берүүгө даяр экенин айтты.

«Ислам мамлекети» радикал уюму Ирак жана Сириянын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп турат. (КЕ)