Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйында билдирди. Ал экстремизмге каршы күрөшүү жана «түстүү ыңкылапты» болтурбоо үчүн Москва бардык аракетин жумшоосу керектигин эскертти.
- Түстүү ыңкылаптардын арты эмне менен аяктаганын көрүп жатабыз. Биз Орусияда да ошондой болбошу үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз, - деди Путин жыйында сүйлөгөн сөзүндө.
Орус лидери ыңкылапты экстремизмге теңеп, учурда ал геосаясий курал катары колдонулуп жатканын белгиледи.
Коопсуздук кеңешинин бүгүн өткөн жыйынында эстремизмге каршы күрөшүүнүн концепциясы талкууланды. (КЕ)