БУУ Украинадагы адам укуктарынын бузулушун айыптады

Бириккен улуттар уюмунун белгилешинче, Украинада, өзгөчө жикчилдер көзөмөлдөп турган өлкөнүн чыгышында адам укугу одоно бузулууда. Бул тууралуу уюмдун жаңы жарыяланган докладында айтылат. Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн ушул жылдын сентябрында жетишилген ок атышпоо келишиминен кийин дагы адамдардын жаны кыйылып, бери дегенде 957 киши каза болгонун белгилеген. Ошондой эле өздөрүн “Луганск жана Донецк республикасы” деп атап алган аймакта мыйзамсыздык өкүм сүрүп жатканы, Крымдын аннексияланышын сындагандар жана крым татарларынын абалы оор экени баяндамада жазылган.

Украинадагы окуялардан улам апрель айынан бери 4300дөн ашуун адам каза болуп, он миңге жакыны жараат алган. 300 миңге жакын адам өлкөнүн аймагынан чыгып кеткен. (КЕ)