Прокуратуранын 27 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Баш прокурор Аида Салянова.

Бул тууралуу башкы прокурор Аида Салянова "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, 2010-жылдан бери прокуратура органдарынын 27 кызматкери пара алуу жана башка беренелер менен айыпталып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. "Өткөн 20 жылдагы мамлекеттик башкаруунун терс жактары прокуратура кызматкерлерине да өз таасирин тийгизди. Ошон үчүн эки жолу революция болду. Азыр эми бүгүнкү күндүн талабына көнбөгөн, өз иштерине мамилесин оңдобогон прокурорлордон тазаланып жатабыз", - деди баш прокурор.

Аида Салянова ошондой эле мыйзам бузган прокурорлорго аёо жоктугун да кошумчалады.