Яценюк: Киев Москванын “жалданмалары” менен сүйлөшүүгө барбайт

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Орусиянын “Киев жикчилдер менен түздөн-түз сүйлөшүүгө баруусу керек” деген сунушун кескин четке какты. Өкмөттүн отурумунда Яценюк орус тилинде “Биз Орусиянын “жалданмалары” менен сүйлөшүүгө барбайбыз”,- деп айтып, Москваны “оюнду” токтотууга чакырды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 19-ноябрда Мамлекеттик Думадагы өкмөттүк саатта сүйлөп жатып, Батыш согуштук операцияларды эмес, Киев менен жикчилдердин туруктуу сүйлөшүүлөргө барышын колдоосу керектигин билдирген.

Украин президенти Петр Порошенко 17-ноябрда “мамлекетте тынчтык орнотуу үчүн Украина жалпы согушка даяр” деп айткан.

Сентябрда расмий Киев менен орусиячыл жикчилдер ортосунда тынчтык келишимине кол коюлганы менен атышуулар дагы деле уланууда.