Салык төлөбөгөндөрдүн үйлөрү текшерилет

Бишкек шаарында турак-жай салыгын төлөбөй жүргөндөрдүн үйлөрү бүгүн, 20-ноябрда атайын рейд аркылуу текшерилет. Төлөмдөн качкандардын көбү колунда бар кишилер болгондуктан, рейд учурунда негизги басым элиталык үйлөргө жасалат. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Ушундай эле иш-чаралар өлкөнүн башка аймактарында да өтөт. Рейдден кийин салык төлөбөй жүргөндөрдүн аты-жөнү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

Быйыл Кыргызстан боюнча турак-үйлөрдөн 57 миллион 100 миң сом жыйналышы керек. Азыр анын 49 миллион 500 миңи топтолду. (SE)