Египетте согушкерлер менен кагылышууда ондой адам каза тапты

Египет бийлиги тараткан маалыматта 18-ноябрдын кечинде Синай жарым аралындагы согушкерлер менен өлкө аскерлери ортосундагы кагылышта кеминде жети адам каза болгону айтылат. Алардын бери дегенде жетөөсү Газа сектору менен чек ара тилкесинде отурукташкан жайкын бедуин тургундары экени кабарланууда.

Египет аскерлерине каршы миномет аткылоосун уюштургандар кимдер экени азырынча белгисиз бойдон калууда.

Египет акыркы жумаларда Газа менен чектешкен аймактарында аскерий көзөмөлүн күчөткөн болчу.