Румыния: президенттик шайлоодо теги немис талапкер жеңди

Клаус Иоханнис

Бухарестте шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды. Теги немис талапкер Клаус Иоханнис шайлоонун экинчи айлампасында 54,66 пайыз добуш менен атаандашы Виктор Понтаны артта калтырды. Бул тууралуу Румыния борбордук шайлоо комиссиясы алдын-ала чыгарылган жыйынтыкка таянып билдирди.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасында өкмөт башчысы Понтанын шансы көбүрөөк болчу.

Румыниядагы немис улуттук азчылыгынын өкүлү, лютеран, либерал саясатчы Иоханнистин жеңишин белгилөө үчүн жекшембинин кечинде он миңдеген адамдар румын шаарларынын көчөлөрүнө чыгышты.

Өлкөнүн президенти Траян Бэсеску мыйзам боюнча шайлоого үчүнчү жолу катышууга укугу жок.