Барпы Алыкуловдун 130 жылдыгы белгиленди

Барпы акын ырчылык шыгы эрте ойгонуп, 16 жашынан эл аралап төгүп ырдай баштаган. Жаштайынан жокчулуктун запкысын көргөн акын кандан-бектен кайра тартпас курчтугу менен да эл оозуна алынган.

Акын туулуп-өскөн Сузак районунда өткөрүлгөн 130 жылдык мааракеси көкбөрү, төкмөлөрдүн айтышы, илимий-практикалык конференциялар менен коштолду.

130 жылдык мааракенин алкагында Барпы акынды окутууну мектеп программасына көбүрөөк киргизүү маселесин көтөргөндөр болууда. 

Барпы акындын “Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо”, “Ынтымак”, “Мөлмөлүм”, “Санат” сыяктуу чыгармалары азыр да күнү бүгүнкүдөй элдин сүймөнчүлүгүнө ээ жана акындын ырларын кыргыз ырчылары репертуарынан түшүрбөй элге жеткирип келишет.

Негизги иш-чара 15-ноябрда "Телтору" ат майданында өтүп, 40тан ашык боз үй тигилип, улуттук оюндар ойнолду жана чоң программадагы концерт тартууланды.

Төкмө акын Барпы Алыкулов 1884-жылы Сузак районунун Ачы айылында туулган. 1949- жылдын 9-ноябрында Фрунзеде, азыркы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан. 

Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедовдун билдиришинче, мааракеге жалпы жонунан 4 млн. сомдон ашык акча сарпталган. Облустук бийлик 150 миң сом бөлүп берген. 

Барпы таануучу, педагог ,окумуштуу Кубанычбек Ураимовдун айтымында, Барпы Алыкуловдун “Апыз” деген наамы болгон. Буга анын дүйнө таанууга арналган терме ырлары негиз болгон. 

Катуу кеселдеп, анын айынан эки көзү көрбөй калган Барпы Алыкуловдун акындык дараметин окумуштуулар али чечмелеп бүтө албай келатышат. 




 

Жалал-Абад облусунда бир орто мектепке, облустук театрга, маданият техникумуна, бир айылдык аймакка жана шаардагы бир көчөгө Барпы Алыкуловдун аты берилген. 

Иш-чарага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев да барды. 

Барпы Алыкулов 1949-жылдын 9-ноябрында Фрунзеде, азыркы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан. Сөөгү калаанын түндүгүндөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.