Орус-кыргыз акыйкатчылары мигранттардын укуктарын биргеликте коргойт

Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчы Бакыт Аманбаев билдирди. Анын айтымында, мындай меморандум Орусия президентинин адам укуктары боюнча өкүлү Элла Панфилова менен болгон жолугушууда жетишилген.

- Биз эмгек мигранттарынын укугун бирге коргоо жаатында макулдаштык. Эмдиги жылы адам укуктарына чогуу мониторинг жүргүзүүнү пландап жатабыз, - деди Аманбаев.

Акыйкатчы кошумчалагандай, Орусиядагы эмгек мигранттарынын укугу каттоого туруу маселесинде көп бузулат. Орусияда расмий 600 миңдей кыргыз жарандары иштеп жүргөнү айтылса, бейрасмий маалыматтарда бир миллионго чамалап калганы белгиленип келет. (UEz)