Жарандык активисттер “Кыргызгаз” ишканасын орусиялык “Газпромго” сатуу боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу талабы менен өкмөткө кайрылышты. Бул тууралуу активист Нурбек Токтакунов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында орусиялык ишкана өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай жатат.
- “Газпром” “Кыргызгазды” сатып алып жатканда Кыргызстанды газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылабыз деген. Бирок алар келишимди аткарган жок. Ошондуктан өкмөт Вена конвенциясына ылайык аны бир тараптуу жокко чыгарышы керек, - деди Токтакунов.
Кыргыз өкмөтү “Кыргызгазды” быйыл жазында орусиялык “Газпромго” 1 долларга саткан. Көп өтпөй өлкөнүн түштүк аймагына газды "Кыргызгаз" аркылуу берип келаткан өзбекстандык "Узтрансгаз" орустар менен келишим жоктугун шылтоолоп көгүлтүр от берүүнү токтотуп койгон. Ошондон бери Ош шаары газсыз отурат.
Жарандык активисттер Манас Султанов жана Нурбек Токтакунов буга чейин электр энергиясынын баасын кымбаттаткан өкмөт токтому боюнча сотко кайрылып, аны жокко чыгартышкан болчу. (UEz)