Көчө спортунун сыноосу катаал

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте эл көп чогулган базарларда, сейил бактарда байге убада кылган спорттук оюндар бар. Акча төлөп турникке тартынып, жебе менен жел толтурулган шарды жарып, асма тепкичке чыгып байге утууну сунуштагандар бар. Кээ бири ойноп, утуп убада кылынган акчалай байгени алса, кээ бирлери тоскоолдуктарды багынта албай акчасын төлөп гана тим болушат.