"Ата-Бейиттеги" митинг-реквием

Кыргыз интеллигенциясынын 1938-жылы атылган 137 өкүлүнүн сөөгү 1991-жылы Бишкектин тоо тарабындагы Чоң-Таш деген жерден табылып, кайра жерге берилүү менен бул жерге "Ата-Бейит" деген ат берилген.

Кыргызстанда репрессияга кабылган атуулдардын басымдуу бөлүгү 1938-жылы ноябрдын алгачкы аптасында атылган.

Репрессия курмандыктарын эскерүү Орусияда жана эски совет республикаларында белгиленет.

Бул күнү адатта коммунисттик режимдин тушундагы мамлекеттик репрессиялардын, миңденген адамдарды массалык көчүрүүлөрдүн, эмгек лагерлерине айдоонун курмандыктары укук коргоочулар тарабынан эскерилип келет.