НАТО Ооганстанга жардам берүүнү улантат

НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг АКШнын эл аралык күчтөрү Ооганстандан быйыл чыгып кеткенден кийин деле Кабулга жардам берүүнү улантарын билдирди:

-2015-жылы НАТО “жаңы баракты” ачат жана анын келечеги ооган элинин колунда болот,- деди Столтенберг.

Анын айтымында, Ооганстанда кала турган 12 500 аскер “ооган күчтөрүн даярдыктан өткөрөт, кеңеш айтып, жардам берет”. Ошондой эле НАТО ооган армиясына каржылык жардам берүүнү улантат.

АКШ жана Ооганстан НАТОнун “чектелүү сандагы” аскерлерин калтыруу боюнча келишимге Ашраф Гани президенттикке киришкенден кийин кол койгон.

2010-жылы альянстын аскерлери 130 миңге жетсе, учурда алардын саны 34 миңге жакын. (SЕ)