Тоолуу жолдорго кар көчкү түшүшү ыктымал

7-10-ноябрь күндөр аралыгында катуу жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын эскертет. (SE)