Тажикстандагы кыргыздар сүрөт баянда

Жерге-Тал айылындагы соодагерлер. Кыргыз тилиндеги жазуулар райондо дээрлик жокко эсе.

Жайылган айылындагы жекшемби базарына келген аксакалдар.

Айылдык мектеп директору. Өктөмбек Пибиев үй-бүлөсү менен. Жайылган айылы.

Май куюучу жай. Жерге Талда бензин Кыргызстанга караганда дээрлик эки эсе кымбат.

Шир күрүч.

Курак. Жергеталчы уздар кол эмгектерин базарга дээрлик чыгарбайт, бул да болсо туризмдин абалы чабал экендигинен кабар берет.

Айылдагы кепе.

Жерге-Талда Кыргызстандан келген кой-эчки жакшы өтөт, баасы эки эсе кымбат түшөт.

Жергеталчы чабандес. Жерге-Талда улакчылар кесек, актачы, кыдырша сыяктуу топторго бөлүнүп, кышы менен улак тартышат. Бир оюнга 500дөн ашык чабандес катышкан учурлар сейрек эмес.

Сүрөт көргөзмөнүн бет ачары “Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду менен биргеликте уюштурулду.

Талкууга келген кичинекей конок.

Талкуунун мезгилинде.

Талкуунун мезгилинде.