Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ушул жылы бийик тоодогу 300гө жакын көл изилденген. Анын ичинен ичинен I категориядагы – 9, II категориядагы 20 кооптуу көл бар экени изилденди. Учурда бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү даражаларын аныктап, тоолуу өрөөндөрдө жашаган калкка алдын ала эскертүү иштери жүрүүдө.
Андан сырткары Адыгене мөңгү-көлүнүн коркунучун азайтуу максатында өлкөдө алгачкы жолу сифондук ыкма колдонулду. Анын жыйынтыгында, көлдүн деңгээли 1,3 метр төмөндөгөндөн кийин көлдөн агып чыккан суу токтоду.