Кочкор: Усубалиевдин музейи ачылды

Музейге Усубалиевдин эмгек жолун баяндаган сүрөттөр, гезит журналдарга жарыяланган макалалары жана өзү жазган китептери коюлган.

Советтер Союзунун Коммунистик Партиясынын Борбордук Комитетинин башкы катчысы Никита Хрущев Турдакун Усубалиевге сыйлык тапшырууда.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкор кыштагында жарык дүйнөгө келген. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик институтунан билим алып, Кочкор айылындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуу менен эмгек жолун баштаган. Андан кийин Коммунисттик партиянын Борбордук комитетине караштуу жогорку партиялык мектепти жана В.И.Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык институтунда билим алып, бир катар партиялык кызматтарда иштеген жана Кыргыз ССРин чейрек кылым башкарган. Тактап айтканда 1961-жылдын май айынан 1985-жылдын 2-ноябрына чейин Кыргыз ССРинин Коммунистик Партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп эмгектенген.

Музейди ачууну "Теңдик" коому демилгелеп, ага 1 млн. 800 миң сомго жакын каражат сарпталган. Келечекте эки гектар аянтты ээлеген бул аймакка спорттук комплекс куруу пландалууда.