Сургутта өлтүрүлгөндөр кыргызстандык экени аныкталды

Орусиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Кубанычбек Айдаровдун билдиришинче, Сургутта өлтүрүлгөн үч бала менен аял Ош облусунун тургундары болгон. 1980-жылы туулган Ноокат районунун тургуну өзүнүн жана кайнисинин эки баласын карап үйдө отурган. Окуя 31-октябрда күндүз болгон. Азыр өлүмгө алып келген чырдын себеби иликтенип жатат. Кылмышка шектелип жаткан анын жердеши 27 жаштагы Раинберт Сабировдун сөөгү 2-ноябрда Сургуттагы курулуш жүрүп жаткан бир жерден табылган. Жергиликтүү тергөө органдарынын маалыматына ылайык, ал өзүн асып жанын кыйган.

Азыр сөөктү Кыргызстанга жеткирүүгө жакындары акча чогултууда. Сөөктү экспертиздан алып чыгууга 100 миң рубль кетти. (TSh/AzK)