Коргоо кеңеши диний абалды карап жатат

Бишкектеги жаңы курулуп жаткан борбордук мечит.(Коргоо кеңеши бүгүн дин маселесин да карап жатат.)

Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы менен Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Жыйындын күн тартибине 2014-2020-жылдарга дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү, өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу маселелер коюлган.

Коргоо кеңешинин жыйынында дин маселеси буга чейин да бир нече жолу каралган. (TSh)