Кыргыз-белорус ишкерлик мамилеси өнүктүрүлөт

Бишкекте бүгүн, 3-ноябрда кыргыз-белорус бизнес-форуму башталат. Иш-чара Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү алдында турганда эки өлкө ортосундагы ишкерлик мамилени өнүктүрүү максатында уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода жана өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Форумга Беларуста курулуш, тамак-аш, металлургия өндүрүшү, фармацевтика жана машина курулушу боюнча иштеген 7 компания келет. Кыргыз тараптан 40 ишкана катышат. (SE)