Бул тууралуу Кыргызстандын Соода жана өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.
3-ноябрда өтчү иш-чара Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү алдында турганда эки өлкө ортосундагы ишкерлик мамилени өнүктүрүү максатында уюштурулуп жатат.
Белорус делегациясында курулуш, тамак-аш жана металлургия өндүрүшү, жыгач иштетүү, фармацевтика жана машина курулушу боюнча тармактардан 7 компания келет. Кыргыз тараптан форумга 40 компания катышат. (МТо)