Карим Ага-Хан IV Кыргызстанга келет

Бул тууралуу Ага-Хан Өнүктүрүү корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ханзада Ага-Хан IV 2-ноябрда учуп келет.

Бул иш сапар алкагында өкмөт өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп, анда тараптар Кыргызстан менен аталган фонддун кызматташуусун талкуулашат.

Ханзада Ага-Хан IV Нарын облусунда салынып жаткан Борбор Азия университетинин курулушу менен таанышат.

Ага-Хан фонду соңку 15 жылдан бери Кыргызстандын бардык аймактарында ар кыл программаларды жана долбоорлорду ишке ашырып, орто жана чакан бизнести каржылоо менен билим берүү чөйрөсүндө иш алып барат. (TSh)