Украинада батышчыл партиялар коалиция тууралуу сүйлөшүүдө

Жекшембидеги шайлоодо батышчыл партиялар көп добуш алды деген алгачкы маалыматтардан кийин, Украин президенти Петр Порошенко коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын жүргүздү. Ал 27-октябрда өкмөт башчы Арсений Яценюк жана Львов шаарынын мэри Андрей Садов менен жолугушту.

Берилген добуштардын 75% саналган соң, алдыңкы орунга өкмөт башчы Арсений Яценюктун “Элдик майдан” 21,93% добуш менен чыкканы аныкталды. Ал эми президент “Петр Порошенконун блогу” бир аз эле айырмачылык, 21,50% менен кийинки орунда. Львовдун мэри Андрей Садовдун “Самопомощь” партиясы болсо 13% жакын добушка ээ болду.

Эл аралык байкоочулар Украинадагы шайлоого оң баасын беришти, Орусия шайлоонун жыйынтыгында түзүлгөн өкмөт конструктивдүү болуп, чатакташууну ырбатпайт деген үмүттө.

26-октябрда Украинада Жогорку Радага кезексиз шайлоо болду. Орусия аннексиялап алган Крымда, орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Луганск жана Донецк облусунда беш миллиондой адам добуш бере алган жок. Сурамжылоолорго ылайык, Луганск жана Донецк облустарындагы 32 аймактык шайлоо комиссиянын 15и добуш берүүгө ачылган эмес. Анын жыйынтыгында, парламенттеги 450 орундун жыйырма жетиси бош бойдон калды.