Орусиянын “Газпром” компаниясы Казакстандагы Жамбыл жылуулук электростанциясына арзандатылган газ берет. Бул тууралуу аталган компаниянын жетекчиси Алексей Миллер президент Алмазбек Атамбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Газпром” 330 миллион кубметр жаратылыш газ бермекчи. Газдын миң кубу 165 доллардан бааланат. Бул Казакстандан Кыргызстанга жеткирилет деп болжолдонгон электр энергиясынын өздүк наркын кыйла төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Телефондук сүйлөшүүдөн кийин президент Атамбаев өкмөткө “Газпромдун" чечимин эске алуу менен Казакстандан кошумча көлөмдөгү электр энергиясын алуу тапшырмасын берди.
Буга чейин кыргыз-казак өкмөттөр ортосунда Жамбылдагы жылуулук электростанциясынан кошумча көлөмдөгү электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү болгон. Бирок сатып алынчу электр энергиянын баасы кымбат болуп жаткандыгы айтылган.
Быйыл кыштан чыгуу үчүн 2,4 миллиард кВт.саат электр энергиясы жетишсиз болууда. Өкмөт анын 1 миллиардын Казакстандан сатып аларын билдирген.(BkA)