Президент Алмазбек Атамбаев Баку шаарында Кыргызстандын элчилигин ачуу боюнча жарлыкка 24-октябрда кол койду. Бул үчүн тийиштүү каражаттарды бөлүү жана бир айдын ичинде уюштуруу иштерин бүтүрүү өкмөткө тапшырылганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Элчилик ачуу эки мамлекеттин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү максатын көздөйт.
Кыргызстанда Азербайжан элчилиги 2007-жылдан бери иштейт. (SE)