Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында согушкерлер чабуул жасап, андан беш жай тургун каза болду, экөө жараат алды. Полициянын белгилешинче, кол салуу 24-октябрдын таңында болгон. Чабуул жасагандар талиптерге тийиштүү сөздөрдү айтышкан.
Нангархар Ооганстандын Пакистан менен чектешкен аймагы. Бул жер талиптердин көзөмөлүндө жана алардын баш калкалоочу жайына айланган. (КЕ)