Жылуулук борборундагы кышка даярдык

Жылуулук борборуна бир жылдык керектөө үчүн 1 млн. 57 миң тонна көмүр керек. Керектеле турган отундун 50 пайызы жергиликтүү Карак-Кече жана Таш-Көмүр, 50 пайызы Казакстандын Шабыркүл көмүр кендеринен ташылып келет. Азырынча анын 108 миң тоннасы алынды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 150 тоннага аз.   

Бишкек ЖЭБнун директору Андрей Воропаевдин айтымында, отун көлөмүнүн аздыгы быйыл көмүр сатып алуу боюнча тендер үч жолу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу. Ал "бирок бул абал жылуулук берүүгө кедергисин тийгизбейт" деп билдирди. 

Быйыл кытайлык ТВЕА компаниясы жылуулук борборундагы жабдыктарды жаңылоо ишин баштаган. 

Модернизациялоо жумуштары 2017-жылга чейин уланат. Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо боюнча аткаруучу директор Тимурлан Биримкуловдун айтымында, долбоор 386 миллион долларга бааланган. Учурда каражаттын 30 пайызы (180 миллион 800 миң доллар) бөлүнгөн. 

27-октябрдан тарта Бишкек шаарына жылуулук берилип баштайт.

Жылуулук борборунун кышкы учурда чыңалуусу саатына 300 МВт түзөт. Январь айында бул көрсөткүч 315 МВт болуп калат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, ЖЭБнун өндүрүмдүүлүгүн 360 МВт саатка жеткирүү каралууда. Бул 382 миллион киловатт саат электр энергиясын өндүрүүгө шарт түзөт.