Пахта: түйшүгү оор, пайдасы аз

Пахтачы кыз

Пахтаны жамгырга калтырбай терип алуу керек. Болбосо анын сапаты бузулуп, баасы түшөт. 

Дыйкандар пахтанын бир килграммын 8 сомдон тердиришет.

Пахта талаалары жылдан жылга кыскарууда. Буга пахта баасынын арзандыгы себеп болууда.

Пахтачылар колгапты чыгарган кытайларга ыракмат айтышат. Колгапсыз пахта тергенде кол кесилет.

Учурда пахтанын экинчи терими жүрүп жатат. Кар түшкөнгө чейин дагы бир жолу терилет.

Бир адам күнүнө 70 килограммга чейин гана пахта жыйнай алат.

Пахта теримге жаш балдар да тартылат. Бул кыздын жашы он экиде. Күнүнө 25 кг. пахта терет.

Пахта тазалоочу чакан цех. Мында дыйкандар терип келген пахтадан була, май жана күнжара чыгарат. 

Тай пахта

Пахта тазалоочу заводу али иштей элек. Быйылкы жылда бул завод иштебей калышы да мүмкүн. Анткени элде пахта аз. Электр энергиясын керектөөгө чектөө киргизилген.