Атамбаев: спортчулардын көбү криминалга кызмат кылат

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда акчалуу кишилер тарабынан ачылган спорт клубдарында көбүнчө болочок криминалдар жана маселени кара күчкө салып чечүүгө багыт алган жаштар тарбияланып жатканын айтты. Мындай пикирин бүгүн “Ала-Арча” резиденциясында эл аралык спорт оюндарына катышып, ийгиликке жетишкен кыргыз спортчулары менен жолуккан учурда билдирди. Атамбаев спортчулардын көбү кримтөбөлдөрдүн басымында экенин сынга алды.

-Спортчу жаштарды кара күч катары пайдалануу байкалып жатат. Аларды ойу жаман саясатчылар жана криминал дүйнөнүн өкүлдөрү колдонууда. Акчасы көп аткаминерлер жана крим дүйнө өкүлдөрү көбүнчө дал ушул максатта спорт клубдарын ачып жатышат. “Спорт клубу” деген атты жамынган андай жерлерде болочок криминалдар тарбияланууда, - деди Атамбаев.

Мамлекет башчы жаш спортчуларды машыктырууга билимсиз, билими болсо да моралдык баалуулуктарды түшүнбөгөн кишилер тартылып жатканын айтып, мындай ишмердикти токтотуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстанда саясий окуялардын артында көбүнчө кримтөбөлдөрдүн турушу, нааразылыктарды токтотууга “каралардын” тартылышы негизги талкуулардын бирине айланган.(SE)