Сегиз айда Кыргызстанга мигранттардан 1 жарым миллиард доллар келди

Быйылкы жылдын сегиз айында чет жакта иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынан 1 миллиард 486 миллион доллар каражат келди. Анын 90% Орусиядан которулганын “Азаттыкка” Улуттук банктын төрага орунбасары Нурбек Жеңиш билдирди.

Серепчилердин баамында, бул сан Кыргызстандын бир жылдык бюджеттик киришесине барабар. Быйылкы бюджет 100 миллиард сомдун тегерегинде экени айтылган. (SE)